Курс НБ на 24.01.2018 $68,4070 €84,4211

Айдарбек Сарманбетов сыйлыктарга татыды

Маданият
18 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
64
Жакында Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында өткөн балкар элинин жана СССРдин эл акыны, РФ жана КБАССРинин мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Кайсын Кулиевдин 100 жылдык мааракеси болуп өттү. Салтанаттуу жыйынга катышкан ондон ашуун өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн арасынан мекендештерибизге гана чоң сыйлыктар тапшырылды. Салтанатка барган кыргыз жазуучусу, котормочу, Эл аралык М.Кашгари сыйлыгынын ээси Айдарбек Сарманбетовго РФ Лермонтов комитетинин Кайсын Кулиев медалы, Кавказ Илим, маданият, билим жана бизнес коомдук Академиясынын академиги наамы жана Кавказ элинин социалдык маанилүү маданий-агартуу иш чараларына өзгөчө колдоо көрсөткөндүгү үчүн атайын Диплом менен сыйлашты. Ал эми мааракеге ардактуу конок жана К.Кулиевдин ырларынын котормочусу катары чакырылган акын, жазуучу жана журналист Жээнбай Түрккө К.Кулиев медалы тапшырылды.
А.Сарманбетов балкар элинин атактуу акын-жазуучулары К.Кулиевдин, К.Отаровдун, Х.Шаваевдин, А.Додуевдин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которуп, китептерин чыгарган, ММКларда жарыялаган. А.Сарманбетов сентябрь айында аталган комитеттин К.Отаров медалы, ал эми октябрь айында Казакстандын Абай медалы менен сыйланган.

Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу