Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

Адамзат барында Айтматов унутулбайт

Маданият
14 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
399
13-июнда Улуттук илимдер академиясынын алдындагы  Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесин өткөрдү.  Иш-чарада Академик Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун чыгармалары жүздөн ашык мамлекетте, 76 тилге которулгандыгын, 80 млн нускада жарык көргөндүгүнө токтолуп,  залкардын элеси унутулбасын баса белгиледи. “Айтматовдун чыгармачылыгы жалаң гана адабият, тил изилдөөчүлөр үчүн керек эмес, ал бүтүн адамзатка тийиштүү инсан. Ошондуктан, Айтматовду бүткүл адамзат сыйлап келет. Көптөгөн өлкөлөрдө улуу инсанды эскерүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Айтматов көтөргөн проблемалар ар бир адамдын башына түшө турган түгөнбөс проблемалар. Адамзат барында Айтматов унутулбайт деген тилектебиз”, - А.Акматалиев.
Мээрим БАКТЫБЕК  кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу