
Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы өтөт
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү. Бул туурасында өкмөттүн аппараты кабарлады. Маалыматка ылайык, чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. А.Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлдү. Анда анын өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана А.Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү каралган.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек