Курс НБ на 22.10.2018 $69,3251 €79,3703

Абадан сүрөт тартуу өзгөчө

Маданият
06 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
119
Америкалык Эно Умох  абадан сүрөткө тартууну ишке ашырган жана карталарды түзгөн Global Air Media компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Умох жумушчулар муктаж болгон дайыма өнүгүп турган жаңы технологиярарды ойлоп табууну студенттерге үйрөтөт. Коммерциялык ишинен тышкары, Умох деген лагерлерди АКШда, Англияда жана Нигерияда балдардын арасында илимди, технологияны, инженерияны жана математиканы илгерилетет. Ошондой эле, ал Балтимор районундагы катаал турмушта жашаган жаштар үчүн сабактан кийинки программаларды өткөрөт.  Эно Умохтун Бишкек, Жалал-Абад, Кант жана Ош шаарларындагы Америка борборлорунда Эно Умох өткөн жумада жаш ойлоп табуучулар, мектеп окуучулары, мугалимдерге  эки сааттык учуучу каражаттарды иштеп чыгаруучу технологиялар боюнча семинар уюштурду.  Ал  мыкты ойлоп табылган иштердин ээлерине белек берди.  Бул иш -  чарада абадан сүрөткө тартуу жумушу абдан кызыктуу жана өзгөчө экенине токтолду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.