Курс НБ на 21.05.2018 $68,4500 €80,8155

Ааламда бир да аялзат, Ажарлуу эмес сенчелик

Маданият
11 - Май 2018
www.erkintoo.kg
20
11-майда Улуттук филармонияда төкмө акын, маңыздуу ырлардын автору,  обончу жана аткаруучу Баян Акматов  “Ааламда бир да аялзат Ажарлуу эмес сенчелик”, - деген аталыштагы концертин тартуулайт. Эске салсак, бул жылы  жаш ырчы Ишен Назаровдун аткаруусундагы “Апакем” аттуу чыгарманы жараткан дал ушул Баян Акматов. Төмөндө чыгарманын текстин сунуштайбыз.
Апакем
 
Ойнотуп бизди жетелеп
Оорутпай бактың бөпөлөп
Калкалайт Мээрим Жамалың
Карызбыз Сизге эселеп.
 
Кайгымды тарттың темселип
 Карыздар ким бар менчелик
Жүк болгон күнүм эстесем
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп
Ааламды Нурга бөлөйсүн
Ак көйнөк кийсен көйкөлүп
Ааламда бир да Аялзат
Ажарлуу эмес сенчелик
Сулуу эмес Апа сенчелик
 
Үмүттүн отун жандырган
Үй ичин майрам шан кылган
Өмүргө бизди алып келген
Энелер үчүн Жан курман
 
Өмүрдө канча Арман бар
Өзүң бар демек майрам бар
Бейиш деп сенин таманын
Белгилеп айткан пайгамбар.
Даярдаган Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу