Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

№5 гимназия 90 жылдыгын белгиледи (фоторепортаж)

Маданият
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
919
15-сентябрда, Бишкектеги профессор Айдаркан Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназия өзүнүн 90 жылдыгын белгиледи. Гимназия уюшулгандан тартып он миңдеген бүтүрүүчүлөрдү уядан учурду. Алардын катарында белгилүү окумуштуулар, саясатчылар, дарыгерлер жана ишкерлер, өнөр адамдары бар.
 Азыр дагы гимназия өлкөдөгү мыкты делген мектептердин алдыңкы сабында. Билим берүү тармагындагы бир катар сынактардын жеңүүчүсү. Билим уясынын мааракеси менен куттуктоого Кыргызстандын бир катар көрүнүктүү инсандары келди.
"Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Аалы Карашев, маданият тармагынан Сүймөнкул Чокморов, Жамал Сейдакматова биздин мектептен бүтүшкөн" - деп билдирди  гимназиянын директору Муратбек Молдокулов. Гимназиянын бүтүрүүчүсү,  Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашевдин айтымында, Улуттук компьютердик гимназияны бүтүргөндөрдүн 52%ы ЖРТдан жогорку баллга тапшырып, жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө студент болушкан. Мындан сырткары, №5 гимназиянын 90 жылдыгына карата мугалимдердин алдыңкылары Өкмөттүн жана Билим берүү министрлигинин бир катар сыйлыктары менен сыйланышты.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.