Курс НБ на 18.07.2018 $68,1634 €80,0375

28-октябрда атактуу эстрадалык ырчы Роза Рымбаева 60ка толот

Маданият
27 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
247
Казакстандын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Роза Куанышовна Рымбаева эртең, 28-октябрда туулган күнүн белгилейт. Ал Семипалатинск облусунда 1957-жылы 28-октябрда туулган. Атасы темир жолчу, апасы үй кожойкеси болуп 8 баланы багып чоңойтушкан. Кыргыз менен казакка жакшы таанымал “Гүлдөр”, кийин “Арай” ансамблдеринин солисти болгон. Аталган эки ансамблди анын күйөөсү Таскын Окапов жетектеген. СССРдеги он мыкты ырчы аткаруучулардын катарында Алла Пугачева менен София Ротарудан кийинки үчүнчү орунда турган. Учурда “Казакконцертте” иштейт жана Казак искусство академиясында сабак берет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.