Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

11-14-май күндөрү европалык кинотасмалар фестивалы өтөт

Маданият
11 - Май 2017
www.erkintoo.kg
437
Фестивал Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында 11-14-май күндөрү өтмөкчү. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Бишкектеги Өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда  кино сүйүүчүлөр 4 күн аралыгында Европа Биримдигинин мамлекеттеринен келген орусча титр менен берилген 10 жаңы фильмди көрө алышат. Эскерте кетчү жагдай фестиваль алкагында көрсөтүлө турган фильмдер Европа Биримдигинин Улуу Британия, Германия, Франция, Италия, Чехия, Словакия, Словения, Венгрия, Испания жана Эстония мамлекеттеринен алынып келинген.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.