Курс НБ на 22.07.2019 $69,6517 €78,3651

​ Дарак ыры киносу баш байге алды

Маданият
02 - Май 2019
www.erkintoo.kg
131
Татарстандын борбору Казань шаарында өткөн Мусулман киносунун эл аралык кинофестивалында Кыргызстандан барган “Дарак ыры” кинотасмасы баш байгеге, дагы бир фильм баалуу сыйлыкка татыды. Бул туурасында Кинематографияны колдоо фонду кабарлады. Маалыматка караганда, 26-апрелде башталган кинофестиваль 4-майда жыйынтыкталат. "Дарак ыры" сынактын баш байгесине татып, россиялык кинотаануучулар менен киносынчыларынын "Белый слон" сыйлыгына ээ болду. Ал эми "Мугалим" фильми мыкты кыска метраждуу тасмасы деп таанылган.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу