Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Коомдук кеңеш түзүлдү

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда коомдук кеңешке театр, кино, кесиптик билим берүү, музей, китепкана, адабият, искусство, сүрөт, кол өнөрчүлүк, маданий мурас, музыка, маалымат, спорт, жаштар иштери боюнча тажрыйбалуу адистер кирди. Кеңештин максаты — тармактын аксап жаткан багыттарынын маселелеринин алдын алуу жана аларга карата комплекстүү чара көрүүдө министрликтин иштерин биргеликте иш жүзүнө ашыруу болуп саналат.

error: Content is protected !!