Кытайдын элчисине Британиянын парламентинин имаратына кирүүгө тыюу салынды

Кытай Эл Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси Чжень Цзегуануга парламенттин имаратына кирүүгө парламенттин спикерлери тыюу салды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Маалым болгондой, мындай чечим Пекин тарабынан кабыл алынган санкцияларга түздөн-түз тиешеси бар. Дипломат бир нече саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап турган. Бирок төмөнкү палатанын жетекчиси Линдси Хойлдун айтымында, Цзегуанунун парламенттин имаратына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр жөнүндөгү чечим күчүнө кирген. Ал эми жогорку палатанын өкүлү Джон МакФеллдин айтымында, бул чектөөлөр Кытай дипломаты менен жолугушууларды өткөрүүгө эч кандай тоскоолдук бербейт. Эң негизгиси жолугушууларды парламенттин имаратынан сырткары жайларда өткөрө берсе болот.

Лондондогу Кытай элчилиги парламенттин мындай кадамын «коркоктук жана жосунсуз» деп баалады. Эске салсак, британиялык саясатчылар Кытай бийлигинин айрым өкүлдөрү уйгур улутундагы жарандардын укуктарына шек келтирип жаткандарын сындагандан кийин, аларга карата санкция киргизилген болчу.

error: Content is protected !!