Кыргызстанда төрөт жашындагы 1 млн. 200 миңдей аял бар

Кыргызстанда төрөт жашындагы 1 млн. 200 миңдей аял бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы акушер гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында өлкөдө жылына 160 миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келет. 2020-жылы Кыргызстан эне өлүмү боюнча Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунга чыкты. Бул жылы жалпы 54 кош бойлуу аял каза болгон.

error: Content is protected !!