Кыргызстан Казакстанга жыл башынан бери 6 минден ашуун жылкы экспорт кылган

Кыргызстан 2021-жылдын 8 айында Казакстанга 6201 баш жылкы экспортко жөнөткөн. Мамлекеттик Ветеринардык Инспекция мал жана алардан алынган азык-түлүктөрдүн экспорт-импорттун багыты боюнча төмөндөгүдөй маалымат берет.

Өзбекстанга Бодо мал –  335 баш, кой жана эчки – 1960 баш, Казакстанга жылкы – 6201 баш/

Ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлөрүнө Сүт азыктары 16512.6 тонна, колбаса азыктары 171,5 тонна, балык азыктары 1604.8 тонна экспорттолду.

Андан тышкары, импорт боюнча бодо мал –  45013 баш, анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 44853 баш, 160 баш үчүнчү өлкөлөрдөн.

Кой жана эчки – 5087 баш, анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 4984 баш, 103 баш үчүнчү өлкөлөрдөн.

Жылкы — 3294 баш, анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 2614 баш, 680 баш үчүнчү өлкөлөрдөн.

Балык жана балык азыктары 3628.6 тн, анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 3250,3 тн, 378,3 тн үчүнчү өлкөлөрдөн.

Тоок эти 31220.4 тн, анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 19675,6 тн, 11544,4 тн үчүнчү өлкөлөрдөн.

Жумуртка 1310443261 даана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн.

Сүт азыктары 6123.2 тн, анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 5912,6 тн, 210,6 тн үчүнчү өлкөлөрдөн.

error: Content is protected !!