«Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндөгү» Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө» Жарлыкка кол койду, деп билдирди Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын санариптештирүү боюнча артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш түзүлсүн;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестицияларды тартуу маселеси боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси Хрипунов Павел Владимирович Байкоочу кеңештин катчысы болуп дайындалсын;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2021-жылдын 29-июлуна чейинки мөөнөттө Байкоочу кеңештин аткаруучу органы катары Долбоордук офисти уюштурсун.

error: Content is protected !!