Курс НБ на 06.04.2020 $84,8713 €91,6483

Жолборсовдун иши Коррупция беренеси менен каралууда

Кылмыш
19 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
239
Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси - "Коррупция" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул туурасында  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Прокуратуранын өкүлүнүнүн маалыматына караганда, Сотко чейинки өндүрүш 20-июнда ачылган. Жолборсов 6-июлда кармалган. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, Жолборсовдон уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.