Курс НБ на 19.04.2018 $68,8586 €85,1505

Жогорку Кеңештеги депутаттын үйүнөн ок атуучу куралдар уурдалды

Кылмыш
08 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
69
Жогорку Кеңештеги депутаттын Оштун Ноокат районунда жайгашкан турак үйүнөн ок атуучу 2 даана курал жоголду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда бул окуяга байланыштуу тактоо жана ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдар үйдө киши жок учурда уурдалган. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан куралдардын уурдалышы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Кийинчерээк жоголгон куралдар Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновго таандык экени белгилүү болду. Бул маалыматты депутат өзү Turmush басылмасынын кабарчысына тастыктап, аңчылык кылуучу каралдар уурдалганын айткан.
«Айылдагы үйдө эч ким жок болчу. 4-январь күнү агам үйгө барса буюмдар чачылып жатыптыр. Уурулук жаңы жылга чейин болгон окшойт. Аңчылык кылган куралдардын лицензия, уруксат кагаздары бар. Башка буюмдардын уурдалганын тактап жатабыз», - деди депутат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.