Курс НБ на 20.02.2019 $69,7155 €79,0887

ЖЭБди оңдоодогу тендерге байланыштуу бир нече айыпталуучуга өкүм чыкты

Кылмыш
23 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
75
Кечээ  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу тендерге байланыштуу бир нече айыпталуучуга өкүм чыкты. Ага ылайык, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жети жыл алты айга, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Темирбек Ниязов менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбеков жети жылга, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу Канат Деркенбаев алты жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдөн кийин Канат Деркенбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды. Ал эми башка айыптоочулар буга чейин эле камакка алынган. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу