Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Жаңы жылдык жармаңке учурунда элди тебелеген айдоочу кармалды

Кылмыш
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
448
Кечээ Германиянын борбору Берлин шаарында теракт болуп, акыркы маалыматтар боюнча 12 адам каза тапты. Жаракат алгандардын саны 48 экенин чет элдик ММКлар жазышууда. Алардын арасында кыргызстандыктардын бар же жогун Тышкы иштер министрлиги азыр текшерүүдө. Германиянын бийлигине  буга чейин жаңы жылдык иш-чаралардын биринде теракт уюштурулушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат болгон.  Шаардын чок ортосунда уюштурулган жаңы жылдык жармаңкеде адамдар толуп турган учурда жүк ташуучу унаа элди бастырып, жармаңке ичине 70 метрдей кирип кеткен. Азыр ал айдоочу кармалганы каарланууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.