Курс НБ на 19.09.2018 $69,4042 €81,1127

Жарандарды кыйноого алган тартип сакчылары 2 млн сом айып төлөшөт

Кылмыш
10 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
62
Мындай чечимди Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы кармалгандарды кыйноого айыпталган үч милиция кызматкерине карата чыгарды. Иманалиев, Тажибаев жана Масиркулов деген 3 тартип сакчысынын ар бири  мамлекетке 2 млн. 200 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу  Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү кабарлашты. Андан тышкары айыпталуучулар жабырлануучуга жалпысынан 154 миң 300 сом моралдык жана материалдык компенсация төлөшү керек,- деген чечим чыккан. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыркы жылдын он айында 325 жаран кыйноого байланыштуу жардам сурап кайрылган. 2016-жылы Башкы прокуратурага кыйноого кабылгандардан 435 арыз келген. Алардын аз гана бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөн. Бул тууралуу маалымат “Азаттыкка” жарыяланды.
Жазгүл Кенжетаева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу