Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Жалган маалымат тараткан адам кармалды

Кылмыш
01 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
459
Бишкектеги эл аралык “Манас” аэропортуна жардыргыч зат орнотулганы тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалганын  Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди. Ал  Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну Илья Еремеев экендиги анык болду.
Сурак учурунда  Еремеев мас абалында милицияга чалып, алдагандыгын айткан. Ал Москвага жумуш боюнча кетип жаткан аялын алып калуу максатында бул ишке кол урганын билдирген. Шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды. Эске салсак, 31-октябрда кечке жуук Бишкек милициясына белгисиз киши телефон чалып, аэропортко бомба орнотулганын билдирген. Мындан улам имараттагы бардык адамдар сыртка эвакуацияланган. Күч органдары жеринде иликтөө жүргүзүп, жардыргыч зат табышкан эмес. 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.