Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Жалал-Абаддагы кафенин ээсин башка атып кетишти

Кылмыш
19 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
615
Жалал-Абад шаарындагы «Тажмахал» кафесинин ээсин белгисиз бирөөлөр өзүнүн унаасынан башка атып кеткени кабарланууда. Бул тууралууТурмуш басылмасы билдирди.
18-январда саат 17:00 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тез жардам кызматы көчөдөн бети канга боёлгон адамды алып кеткени боюнча кабар түшкөнү айтылат маалыматта. Айтылган дарекке барган ыкчам тергөө тобу эшиги ачык турган «Тойота» үлгүсүндөгү унааны, анын ичинен травматикалык тапанчанын гильзасын табышкан.
«63 жаштагы жеке ишкерге ок атылган. Бул боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», - деп билдиришти милициядан.
Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Өздүк булактардан алынган маалыматка караганда, кафенин ээси оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн боюнча өзүнө келе элек.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.