Курс НБ на 05.06.2020 $74,2343 €84,1186

​Өзгөн районунда жаңы төрөлгөн баланы сатууга аракет кылган эки аял кармалды

Кылмыш
24 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
141
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө азият түспөлүндөгү аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, 2020-жылдын 21-январь күнү Ош облусунун Өзгөн шаарынын 23 жаштагы тургуну, эки баланын энеси К. Кызы К. жана ага бала сатууга көмөктөшүп жүргөн мурда сот жообуна тартылган аяш энеси Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну А.Э. аттуу аял ымыркайды 5000 долларга соодалашып сатып жаткан учурда кармалган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.