Курс НБ на 18.11.2018 $69,8400 €79,2474

Өз энесин ур-токмокко алган киши камакка алынды

Кылмыш
29 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
199

Ош шаарында 75 жаштагы энесин сабаган 41 жаштагы киши кармалды. Бул тууралу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, милициянын нѳѳмѳт бѳлүмүнѳ калаа тургундары жашы улгайган энени өз уулу сабап жатканын айтып кайрылышкан. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 41 жаштагы С.Э. аттуу калаа тургунун мас абалында колго түшүргөн.

"Энесинин кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, баласы аны таяк менен муунтуп "акча таап бересиң, болбосо ѳлтүрѳм" деп коркуткан. Жабыркаган эне Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Шектүү буга чейин оор кылмыш жасагандыгы үчүн (адам ѳлтүрүү) жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳп чыккан. Ош шаардык соту айыпталуучуну бир ай абакта кармоо чечимин чыгарды. Тергѳѳ кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканда кылмыш иши башка беренеге өзгөрүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.