Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Өз баласын өлтүрүүгө аракет кылган келин

Кылмыш
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
430
Ош шаарында өз уулун өлтүрүүгө аракет кылган келинге сот өкүмү чыга элек. Окуя 2016-жылдын 14-февралында болгон. Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлангандай, шектүүнүн акыл-эси текшерилип, 27-декабрда Бишкектеги комиссиялык экспертизага жөнөтүлдү. Маалым болгондой, ал келин мурда да уурулук боюнча кармалып, соттолгон. Ошол убакта ага экспертиза дайындалып, психикалык жактан жабыркайт деген корутунду чыгарылган.
Окуя тууралуу: 2016-жылдын 14-февралында саат 21:00 чамасында Ош шаарындагы көчөдөн 1,2 жаштагы баланы өзүнүн энеси өлтүрүүгө аракет жасаган. Ал шаардагы көп кабаттуу үйдүн алдында баласын муунтуп, аягында таштап кеткен. Жалгыз калган баланы көргөн студент милицияга кабар берген.
Издөө иштеринин натыйжасында баланын 1993-жылы Кара-Суу районунда туулган апасы кармалган. Учурда ал абакта кармалууда.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.