Курс НБ на 27.06.2019 $69,6072 €79,1538

Ысык-Көлдөгү убактылуу кармоочу жай текшерилди

Кылмыш
04 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
80
Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери атайын чакырылган эксперттер менен бирдикте Ысык-Көл облусунун убактылуу кармоочу жайларын текшеришти. Убактылуу кармоочу жайда жаткан 26 кишинин жетөөсү  кыйноолорго туш болгонун жашыруун билдиришкен. Алардын арасынан А.А. аттуу жаран кылмыш ишти мойнуна алдыруу үчүн милиция кызматкерлери күч колдонгону боюнча  Акыйкатчы аппаратына арыз жазды. Мындан тышкары, мониторинг учурунда отургандардын жеке иш кагаздары текшерилип, убактылуу кармоочу жайга кирердин алдында денесинде жаракаты боюнча (барбы/жокпу) тийиштүү медициналык каттоо кагаздары жоктугу боюнча акт түзүлдү. Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын ИИБ жетекчилигине ушундай тартип бузулган учурларда керектүү болгон сунуштамалар берилди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу