Курс НБ на 24.05.2018 $68,3080 €80,1902

Ысык-Көлдө майып адамды өзүнүн дачасында сабап өлтүргөн тургун кармалды

Кылмыш
08 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
77
Ысык-Көл облусунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Суу РИИБге телефон аркылуу Михайловка айылынын жанында жайгашкан дачалардагы үйдүн биринде белгисиз адамдын өлүгү табылгандыгы жөнүндө кабар түшкөн. Аталган кабар боюнча окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери барышып, өлүктү кароо жүргүзүү мезгилинде башынан жана көкүрөк тушунан көк ала болгон тактар бар экендигин аныкташкан.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча киши колдуу болуп өлгөндүгү такталгандыктан, райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал Каракол шаарынын 57 жаштагы тургуну, 2-топтогу майып Ж.У. экендиги белгилүү болгон.

Андан аркы иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары дачанын ээси — Каракол шаарынын 46 жаштагы тургуну, мурда КЖКнын 208-беренеси менен соттолуп келген К.О. кармалып, алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, ошол күнү ал дачасында жабырланган адам менен спирт ичимдиктерин ичишип, мастыктан улам уруша кетип, аны сабап өлтүргөн.

Шектүү катары кармалган адам Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш иштин алкагында анын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.