Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Ысык-Көлдө чет элдик туристтердин мүлктөрүн уурдагандар аныкталды

Кылмыш
15 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
15
Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин жайкы туристтик мезгилде Бишкек шаарынын тургунунун уюлдук телефонун уурдагандыгы үчүн төрт айдан кийин шектүү катары Нарын облусунун 20 жаштагы тургуну Ж.Кубанычбек жана 17 жаштагы тургуну К.Талант кармалышкан.
Алгачкы тергөө сурагында, кармалгандар өздөрүнүн күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, алардан далил зат катары уюлдук телефон алынган.
Шектүү катары кармалышкан адамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында кошумча 5 факты аныкталып, алар Россия Федерациясынан жана Казакстандан келишкен эс алуучулардын өздүк мүлктөрүн уурдагандыгы белгилүү болду.
«Ушул жылдын 26-июлунан 2-августуна чейинки аралыкта алар тараптан жалпысынан 200 АКШ доллар, 478 миң теңге, 59 миң 600 рубль, 27 миң 690 сом, 34 миң сомду түзгөн баалуу темирден жасалган эмеректер, «Айфон 5С», «Айфон 6», «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, «Asus» үлгүсүндөгү планшет, өздүк документтер жана банктык карточкалар уурдалган», - деп айтылат маалыматта.
Бул фактылар боюнча өз учурунда Ысык-Көл РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси менен кылмыш иштери козголгон. Кылмышка шектүү катары кармалгандар Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, алардын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү бар экендиги текшерилип жатат.
Булак: Турмуш


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу