Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Ырчы, куудул Жеңиш Айтиевдин баласын өлтүрдү деген жаран өмүр бою абакка кесилди
Ырчы жана куудул Жеңиш Айтиевдин 12 жашар уулун өлтүрүүгө шектелген 23 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Чыңгыз Мырзабеков билдирди. "Шектүү жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 5-6-пунктары боюнча кылмыш иши козголгон. Анын күнөөсү далилденип өмүр бою эркинен ажыратылды. Мыйзамга ылайык өмүр бою эркинен ажыратуу эң оор жаза болгондуктан соттун өкүмүнө биздин каршылыгыбыз жок. Апелляциялык арызы менен эч жакка кайрылбайбыз" - деди жактоочу.Мырзабековдын айтымында, буга чейин ЖМКда айтылгандай соттолуучу жаран акыл-эси соо эмес деген маалымат далилденген эмес.
"Медициналык экспертизанын корутундусу соттолуучуну акыл-эси соо деп тапты. Сот отурумунда ал акыркы сөз айтуудан баш тартты" - деди ал. Белгилей кетсек, 2016-жылдын октябрь айынын аягында Ош шаардык милициясына Гостелло көчөсүнөн белгисиз адам 12 жаштагы өспүрүмдү бычактаганы боюнча маалымат келип түшкөн. Кылмышка шектүү ошол эле жерден кармалган.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек