Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Ымыркай сатууга шектелген 5 дарыгер соттун чечими менен СИЗО-1ге камакка алынды

Кылмыш
24 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
113
 Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында дагы башка шектүү медицина кызматкерлери бар. Шектүү дарыгерлер ымыркайларды Орусия жарандыгын алган кыргыздарга сатышканы да аныкталды. "Дарыгерлерди кармоо учурунда автоунаалардан ымыркайлардын сөөгү табылган эмес жана алардын артында эч кандай чет элдик жарандар турбагандыгы тергөө процесстеринин учурунда аныкталды. Тактап кете турган нерсе, балдарды сатып алган жарандар Кыргыз жеринде төрөлүп, бирок Орусия жарандыгын алып, ошол тарапта эмгектенип жүргөндөр. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, азырынча үч факты боюнча жаңы төрөлгөн балдардын сатылгандыгы жана балдардын төрөлгөндүгү тууралуу атайын документтер жогоруда кармалган дарыгерлер тарабынан даярдалып берилгендиги аныкталды. Ал эми төртүнчү факт - бул дарылоо менен мажбурлап мөөнөтүнөн мурда төрөтүп, тирүү төрөлгөн баланы чарчап калды деп, өлүгүн көрсөтпөй жана бербей койгон фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган төрт факт боюнча жогоруда айтылган медицина кызматкерлеринин түздөн-түз тиешеси бар экендиги тергөө жана иликтөө учурунда такталган. Учурда аталган кылмыш иштерин так жана объективдүү тергөө ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат", - деп билдиришкен министрликтен. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу