Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Варвара Караулова Сириядагы жигиттери тууралуу айтып берди

Кылмыш
18 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
424
«Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна кошулууга аракет кылган деп айыпталып жаткан Варвара Караулова (Александра Иванова) Сирияда бир эмес эки жигити болгонун билдирди.
Варвара бул тууралуу кечээ  өткөн сот отурумунда айтып берген.  Москва мамлекеттик университетинин (ММУ)студенти 2012-жылы өзүн Влад деп тааныштырган Айрат Самат аттуу адам менен социалдык түйүн аркылуу сүйлөшүп жүрүп, ал үчүн ислам динин кабыл алганын билдирди. Айыпталуучунун айтымында, Саматовдун Сирияга кеткенине байланыштуу 2014-жылы алар жазышпай калышкан. 2015-жылы скайп аркылуу Сирияда жүргөн Надир аттуу адамга «турмушка чыккан». Андан соң Саматов кайра байланышка чыкканда кыз Надирге турмушка чыгуу чечиминен айныган. Кийин Саматов-Влад кайра кабарсыз кеткен соң аны менен Сириядан бир кыз байланышып, анда турмушка чыгуу мүмкүндүгү бар экенин айтып ага учуп келүүнү сунуштаган. Караулованын айтымында, ага акча жана Түркияга билет жөнөтүшүп, ал Саматовду табуу үмүтү менен Сирия тарапка өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Борбордук Азиянын кабарлар кызматы жазып чыкты.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.