Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Улюкаев кембагал адам эмес

Кылмыш
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
438
Орусияда эле эмес ушул тапта КМШ өлкөлөрүндө экономика министри Алексей Улюкаевдин 2 млн доллар пара менен кармалгандыгы кызуу талкууланууда.
Улюкаев министрлик кызматка 2013-жылдын 24-июнунда дайындалган. Тапшырган декларациясына караганда, кембагал адам эмес. 2014-жылдагы декларациясында ал жыл ичинде тапкан кирешеси 80 млн 429 миң, аялыныкы 5 млн 275 миң рубль болгондугун көрсөткөн. Андан тышкары, жалпы аянты 10,3 га келген жети жер тилкеси, квартирасы, жеке үйү жана автоунаасы бар. Аялына жалпы аянты 32 сотыхты түзгөн алты жер тилкеси, эки квартира, эки үй, Lexus RX 350 жана Lada 212140 автомашиналары катталган. 2015-жылы ал 59 млн 953 миң рубль иштеп тапкан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.