Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

Укук коргоо органдарынын укуругу узун

Кылмыш
30 - Май 2017
www.erkintoo.kg
482
Жогорку Кеңештин депутаттары И.Чудинов жана А.Жапаровго, экс-айыл чарба министрлери Ч.Узакбаев менен Т.Айдаралиевге карата Башкы прокуратура тарабынан коррупция боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмыш ишин козгоого кант кызылчасынын үрөнүн өстүрүү жана даярдоочу “Машина сыноочу станция” ААКнын айланасындагы будамай аракеттер себепкер. УКМКнын маалыматы боюнча аталган ишкананын 24% акциясы И.Чудиновдун кайынэнесине, калгандары А.Жапаровдун аялына жана башка адамдарга таандык болгон. 2009-жылы ошол таптагы премьер-министр И.Чудиновдун буйругу менен сөз болуп жаткан ишканага 200 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берилген. Анын 68 млн 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланылган. Учурда ишкананын 95% акциясы А.Жапаровдун жакындарына таандык жана 2017-жылдын 1-мартына карата “Машина сыноо станциясынын” мамлекетке карызы 237 миллион 791 миң 75 сомду түзгөн.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.