Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Уксус ичип каза болгон 20 жаштагы келиндин артында эгиз кызы калды

Кылмыш
31 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
39
27-октябрь күнү Кадамжай шаарында уксус ичип каза болгон 20 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип 31 жаштагы күйөөсү кармалды. Бул маалыматты Кадамжай РИИБден тастыкташты деп жазды Турмуш басылмасы.
Маалым болгондой, шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (адамды өлүмгө жеткирүү) менен кылмыш иш козголуп, 2 айга камакка алынды.
Маалым болгондой, 27-октябрь күнү 250 грамм уксусту ичип алган келин ооруканага оор абалда келип түшүп, ошол бойдон көз жумган. Анын ашказаны тешилип, көп кан жоготкон.
Каза болгон келиндин аркасында 2 жашка толо элек эгиз кыздары калды.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу