Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

УКМКнын кызматкерлери Баткен облусунун аймагынан 3 метр тереңдикке көмүлгөн унааны табышты

Кылмыш
25 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
71
 Баткен облусунда террорчулукка каршы жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында колунда бар адамдарды курал колдонуп тоноп жүргөн "Ганимат" аталышындагы терроризмге байланышы бар топтун мүчөлөрү аныкталды. Бул топ Сирия жана Ирактын согуштук аймактарында согушуп жүргөндөрдү материалдык жана техникалык жактан камсыздоо максатында тоноо иштерин жасап жүрүшкөн. Бул тууралуу  УКМКнын маалымат кызматы билдирип, алар таап алган унаа ошол кылмыштуу топко таандык болгонун кошумчалашты.  "Көмүскө топтун лидерлери узак убакыттан бери акчалай каражатты согуштук аймактарга жөнөтүү үчүн маалымат топтоп, ошондой эле курал колдонуп тоноочулук кылышкан. Мындан соң кылмыштын изин жашыруу максатында тоноо кылмышына далил болуп кала турган унааны адам барбаган жайга алып барып көмүшкөн", - деп билдирет басма сөз кызматы. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу