Курс НБ на 21.09.2020 $79,0444 €93,7348

Түркияда жардырууга шектелип 7 адам кармалды

Кылмыш
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
547
Түркиянын  Кайсери шаарындагы ишемби күнү болгон  жардырууну уюштурган деп шектелип 7 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМ министри Сулейман Сойлу билдирди. Жардыруучу зат салынган автоунаа аскер кызматкерлери бар автобусту сүзгөн. Андан 13 адам каза таап, 50 адам ар кандай жаракаттарды алган. Учурда аталган теракт боюнча эч бир уюм жоопкерчилик ала элек. Бирок Түркия бийлиги жардырууну “Күрт жумушчулар партиясы”  уюштурушу мүмкүн деп шектенүүдө. Мындан бир жума мурда Стамбулдагы кош жардыруудан 40тан ашык адам каза болгон.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.