Курс НБ на 19.04.2018 $68,8586 €85,1505

Тойдон чыккан кадамжайлык жигит жеңесин зордуктоого аракет кылган

Кылмыш
12 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
93
Тиешелүү өкүм 2018-жылдын 4-январында чыгарылган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, окуя 2017-жылы 16-сентябрда саат 04:00 чамасында болгон. Айыпкер досунун үйлөнүү тоюнан кийин өзүнүн үйүнө барбастан, агасынын үй-бүлөсү жашаган үйгө барып, эшикти өзүндөгү ачкыч менен ачып кирген. Ал күнү жеңеси С.М. балдары менен жалгыз экенин билген. Жабырлануучунун күйөөсү жоктугунан пайдаланган шектүү аны зордуктоого аракет кылган. Жабырлануучу анын колунан бошонуп чыгып, жардам сурап кыйкырып баштаганда Б.М. качып кетүүгө жетишкен.
Сот процессинде Б.М. күнөөсүн мойнуна алып, тойдон кийин жабырлануучу жашаган үйгө барганын, бирок мас болгондуктан кандай максатта барганын эстей албаганын айткан.
Жабырлануучунун айтымында, анын жолдошу Россияда эмгектенип жүргөн. Анын айтымында, окуя болгон күнү саат 04:00 чамасында ойгонуп, үйгө кимдир бирөө кирип, кол чырак күйгөнүн көргөн. Ошол учурда белгисиз эркек киши аны муунтуп баштаган.
«Бир колу менен муунтуп, экинчи колу менен шымымды чечүүгө аракет кылды. Мен каршылык көрсөтүп жаттым. Жыныстык катнаш болгон жок, бирок ал зордуктоого аракет кылды. Б.М. жыныстык катнаш же акча бер деп талап кылды. Мен уулума жардамга киши чакыр деп айтууга аракет кылдым. Көчөгө чуркап чыккан уулум адамдар жүргөнүн айтты. Мен жардам сурап кыйкыра баштаганда Б.М. качып кетти. Андан кийин мен эсимди жоготуп жыгылып калыптырмын. Көзүмдү ачсам кошуналар мага жардам берүүгө аракет кылып жатышыптыр.
"Мен үйдөн Б.М. тагынып жүргөн күмүш чынжырчаны таап алып, кайын энеме баарын айтып бердим. Окуядан кийин дарыланып, азыркыга чейин үйдө жалгыз калуудан коркуп жатам. Уулум дагы катуу чочуп калган», - деди жабырлануучу.
Жабырлануучу шектүүдөн 500 миң сом өндүрүп берүүнү сураган.
Жыйынтыгында сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркиндигинен ажыратып, жазаны шарттуу түрдө 3 жылдык мөөнөткө белгиледи. Ошондой эле, Б.М. моралдык зыян үчүн жабырлануучуга 70 миң сом берүүгө милдеттендирилди.
Булак: Турмуш

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.