
Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Тогуз-Торо районунун акими жумуштан кетти
Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идрисов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин парламент депутаттары элдин инвесторлорго кылган мамилесин сындап, каршылык акциялардын чыгышына акимдин да күнөөсү бар экенин билдирген. 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жашоочулар “Макмал алтын” фабрикасын өрттөп салышкан. Тургундар алтын фабрикасынин иши жаратылышка каршы келерин айтып келишет.
Мээрим Бактыбек кызы
Мээрим Бактыбек кызы
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек