Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына кылмыш иши козголду

Кылмыш
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
507
Бөлүм башчыга кылмыш иши козголгондугу тууралуу  бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтарга  караганда, укук коргоо органдарына Дөң-Талаа айылындагы орто мектептин директору И.Р. кайрылган. Ал Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Э. пара талап кылып, ал үчүн алтын зер буюм алганын айткан. Бул тууралуу  “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара алуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.  
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.