Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

​Түлеевден алынган батирлерди сатып качкан мэрия кызматкери изделүүдө

Кылмыш
04 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
23
Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын "305 миң доллар алып качып кеткен" делип жаткан мурдагы кызматкери издөөгө алынды. Бул туурасында  Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, качып кеткен кызматкер муниципалдык менчикти сатуу боюнча аукциондун протоколдорун жасалмалап, Москва көчөсүндөгү сегиз батирди мыйзамсыз сатканы билинип издөөгө алынган. Сатылып кеткен мүлк - экс-мэр Нариман Түлеев 2017-жылы мамлекеттин карамагына өткөрүп берген батирлер болчу.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу