Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Террорчулар Мосулда жөнөкөй 30 адамды өлүм жазасына тартты

Кылмыш
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
396
"ИМ" террордук тобу  Ирактын Мосул шаарында отузга жакын жөнөкөй  адамдарды электр тогу менен өлүм жазасына тарткан. Бул тууралуу  "Ас-Сумария" телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматтарга караганда, террорчулар аларды өкмөттүк күчтөр менен байланышы бар деп күнөөлөшкөн. Мосул аймагын 2014-жылы басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан куткаруу 17-октябрдан тарта башталган. Буга Ирактын аскерлери, жергиликтүү кошуундар, күрддөрдүн күчтөрү тартылган. Ал эми Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматына караганда,  согуш башталгандан тартып аталган шаардан  40 миң адам турак-жайын таштап кеткен.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.