Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

ТЭЦти модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды

Кылмыш
04 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
97

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалгандыгын УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КРдин Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алгагында колго түшүрүлгөн Бримкулов УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ушул эле берене менен Бишкек ТЭЦинин, "Электр станцияларынын" жана Улуттук энергохолдингдин дагы башка кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

УКМК буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев камакка алынган.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылган

Мындан улам Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.