Курс НБ на 27.06.2019 $69,5988 €79,0503

Тажикстанда агасы 17 жаштагы карындашынын башын кесип алды, атасы анын сөөгүн көмүүгө жардамдашкан

Кылмыш
20 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
207
Тажикстандын түндүгүндөгү Истаравшон шаарынын Зархолол айылдык жамаатында 17 жаштагы Орзугүл Ашуркулованын өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылды деп билдирди akhbor.com.
Октябрь айынан бери дайынсыз деп изделип жаткан 11-класстын окуучусу Орзугүлдүн сөөгү эски каналдын ичинен табылган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында аны 24 жаштагы агасы Талибжон Ашуркулов муунтуп өлтүрүп, андан соң башын кесип алгандыгы, кылмыштын изин жашыруу үчүн 1968-жылы туулган атасы Баходур Ашуркулов баласына жардамдашып башы жок денени кыштак четиндеги кургап калган каналдын ичине көмүп салышкандыгы аныкталган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.