Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

Тазалыктын кызматкерин машина сүзүп кетти

Кылмыш
15 - Март 2019
www.erkintoo.kg
43
Бишкекте "Тазалык" ишканасынын 36 жаштагы кызматкерин машина уруп кетип каза болду. Мындай маалыматты мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда,  окуя 14-мартта саат 20:00дөр чамасында болгон. Маркум жарыкка чагылуучу тасмасы бар кийимин кийип, өзүнө бөлүнгөн аймакта иштеп жаткан. Аны  сүзүп кеткен айдоочу кармалганын мэриядан кабарлашты. Ал Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Үй-бүлөсү менен Тынчтык конушунда жашап жаткан. Жубайы да "Тазалык" ишканасында иштейт.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу