Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

​Тарых музейи боюнча кылмыш ишин иликтөө аяктады

Кылмыш
24 - Май 2019
www.erkintoo.kg
108
Бул тууралуу кечээ, 23-майда 24.kg маалымат агенттиги билдирди. Улуттук коопсуздук комитети мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталган кылмыш ишин сотко өткөрүү үчүн прокуратурага тапшырды.
Кылмыш иши боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президент аппаратынын экс-бөлүм башчысы Мира Карыбаева, Мамкурулуш агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкааров, турак жай жана жарандык курулуш департаментинин экс-жетекчиси Шайбек Атамбеков, анын орун басары Улукбек Матисаков жана “СМУ-3” курулуш ишканасынын уюштуруучуларынын бири Айдарбек Мендеев айыпталышууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу