Курс НБ на 16.10.2018 $69,1798 €80,0687

Тартип сакчыларына кылмыш иши козголду

Кылмыш
27 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
53
Алар  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен Биринчи Май райондук милициясынын айрым кызматкерлери. Милиционерлер кесиптеши кафенин коногуна ок чыгаргандыгы боюнча маалыматты жашырган деп шектелип жатканын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Эске салсак, 12-сентябрга караган түнү Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндөгү кафеде уруш чыгып, шаардык криминалдык милициясынын кызматкери бир жарандын бутуна атып салган.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, жабырлануучу ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча күзөт бөлүмүнүн кызматкери болуп чыкты. Ал алган жараатынан улам Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жатат. (ЖК)

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу