Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Таласта улар аткан браконьерлер кармалды

Кылмыш
05 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
111

Талас облусунун Каракол аймагынан улар аткан үч браконьер кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, КР жарандары аңчылык убактысы бүткөнүнө карабай ууга чыгышкан. Алардын жанынан 28 огу менен мылтык, атылган төрт коён, үч суур жана бир улар табылган.

"Кармалган жарандардын жанында мылтыкка уруксат берүүчү документтер болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

КР жарандарга Административдик жоопкерчилик кодексине ылайык айып салынып, тийиштүү документтер толтурулгандан кийин Айлана-чөйрө жана токой чарбасын коргоо агенттигинин аймактык департаментинин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.