Курс НБ на 21.09.2020 $79,0444 €93,7348

Талап-тоноого шектүү катары 39 жаштагы мурунку мамлекеттик кызматкер кармалды

Кылмыш
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
510
Жалал-Абад облусунда талап-тоноого шектүү катары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурунку кызматкери кармалгандыгын ИИМден кабарлашты. Эскерте кетсек,  Октябрь айынын башында белгисиз бирөө Ош-Бишкек жолундагы май куюучу жайды тоноп кеткен. Сузак районундагы Бек-Абад айылынан 16:00 чамасында кассага беткап кийип, колуна курал кармап келип, 9,5 миң сомду алып чыгып кеткен. Кылмышкер травматикалык тапанча колдонгондугу аныкталган. Учурда кылмышкер кармалып, тергөө абагында.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.