Курс НБ на 26.03.2019 $69,7441 €78,9154

Стамбулда теракт жасоого шектелген Машарипов айыптоолорду четке кагууда

Кылмыш
20 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
99

Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга айыпталган Өзбекстан жараны Абдулкадыр Машарипов кылмышты четке кагууда. Hurriyet гезитинин маалыматына караганда, 18-февралда өткөн сот отурумунда Машарипов: "Мен бул кылмышты жасаган жокмун. Ал түнү колуна Калашников автоматын кармаган адам мен эмес болчумун" деп айткан. Ага сот иши 2017-жылы декабрда Стамбулдагы Силиври түрмөсүндө башталган. Машарипов теракттан 17 күн өткөн соң, Reina түнкү клубуна кол салууга шектүү киши катары кармалган.прокурорлор өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу