
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Соттун имаратында бомба жок болуп чыкты
Кечээ белгисиз бирөө Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун мекемесине бомба коюлду деген маалымат тараткан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирген. Бомба тууралуу маалымат кечээ саат 16:55 те 102 номери аркылуу түшкөн. Чалган адам Октябрь райондук сотунун арткы эшигинин жанына бомба коюлганы тууралуу айткан. Чалуу жашыруун номерден түшкөн. Чалуучу байланыш телефонун калтырган, бирок кийин андай номер жок экени белгилүү болду.
Ошол эле замат мекеме толугу менен курчоого алынып, бирок эч нерсе табылган эмес.
Жазгүл Кенжетаева
Ошол эле замат мекеме толугу менен курчоого алынып, бирок эч нерсе табылган эмес.
Жазгүл Кенжетаева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек