Курс НБ на 24.02.2018 $67,9355 €83,4248

Сирияга барууга элдерди үгүттөгөн киши кармалды

Кылмыш
06 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
27

Элди Сирияга барууга үгүттөдү деп шектелип кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Шектүү 23-январда колго түшүрүлгөн. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 35 жаштагы киши буга чейин жихадды жайылтканы үчүн соттолгон. 

Жашаган үйүн тинтүү учурунда диний багыттагы адабияттар менен флэш-карта, дисктер табылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзгөн теологиялык экспертизанын жыйынтыгы табылган материалдар экстремисттик маанайда экенин аныктаган.

УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 299-2-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.


 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу